Aanlyn Bybel

- Advertensies -

Эстер 1 - Инжил ЛС (2005)


Ахашверош падышанын улуулугу

1 Бул окуя Ахашверош падышанын тушунда болуп өттү. Ахашверош Индустандан Кушка чейин жүз жыйырма жети дубанды бийлеп турган.

2 Ахашверош падыша Шушан шаарынын ичиндеги сепилде падыша тактысында олтурган күндөрү,

3 бийлигинин үчүнчү жылында бардык төрөлөргө, падышалыктын кызматкерлерине, перс жана мадай аскер башчыларына, аксөөктөргө жана бардык дубандын акимдерине чоң той берди.

4 Ал өзүнүн падышалыгынын ашып-ташыган байлыгын, даңкы таш жарган улуулугун көп күндөр боюу – алты ай аралыгында көрсөтүп чыкты.

5 Ошол күндөрдөн кийин, Ахашверош Шушан сепилинде, падыша сарайынын короосундагы бакчада шаардын карапайымынан аттуу-баштуусуна чейин, баарын чакырып, өз эли үчүн да жети күн шаанилүү той өткөрдү.

6 Бактагы ак мармар мамыларга виссондон өрүлгөн боолор менен күмүш шакектер байланган. Аларга зыгыр буласынан токулган ак түстөгү жана жүндөн токулган көгүлтүр түстөгү көшөгөлөр тартылып, көлөкө түшүрүп турат. Орундуктар алтындан, күмүштөн жасалган. Жерге болсо порфир, мармар, седеп, асыл таштар кыналып жаткырылган.

7 Ичимдиктер ар түркүн алтын чөйчөктөргө куюлуп, каадасы менен сунулуп жатты. Падыша байлыгына жараша өзүнүн таза шарабын да суудай агызды.

8 Шаан-шөкөт өз тартиби менен өтүп жатты. Падыша эч кимди шарап ичүүгө мажбурлабагыла деп сарай кызматчыларына буйрук бергендиктен, аны ар кимдин көңүлүнө туура келгендей берип жатышты.

9 Бул убакта Башти ханыша да Ахашверош падышанын сарайында аялдар үчүн той берип жаткан.


Башти ханышанын падышанын тилин албай коюшу

10 Тойдун жетинчи күнү шарапка кызып, көңүлү көтөрүлгөн Ахашверош падыша кол алдында кызмат кылган жети евнухту – Мемуханды, Бистаны, Харбонду, Биктаны, Абахты, Зейтарды, Каркасты өзүнө чакыртып алды.

11 Элге жана төрөлөргө аялынын сулуулугун көрсөтүү үчүн, ханыша Баштини ханышалык таажысын кийгизип өзүнүн алдына алып келүүнү буйруду. Анткени ал ай чырайлуу эле.

12 Бирок ханыша Башти евнухтар аркылуу берген падышанын буйругу боюнча келүүдөн баш тартты. Ошондо падышанын ачуусу келип, каары кайнады.

13 Падыша бир иш кыларда мыйзамды билген, кара кылды как жарган калыс билермандар менен кеңешип турчу. Ошондуктан элдин тарыхын жакшы билген акылмандар менен кеңешүүнү туура көрдү.

14 Ал убакта Персия менен Мадайдын жети төрөсү: Каршена, Шейтар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена, Мемухан падышанын кеңешчилери эле. Булар даражасына жараша падышалыкта биринчи катарда олтургандыктан, алар гана падышанын жүзүн бетме-бет көрө алышчу.

15 Падыша алардан: – Ахашверош падышаңардын евнухтар аркылуу берген буйругун аткарбай койгону үчүн, мыйзам боюнча ханыша Баштини эмне кылуу керек? – деп сурады.

16 Ошондо Мемухан төрө падыша менен төрөлөрдүн алдында мындай деп айтты: – Башти ханышабыз жеке эле өкүмдарыбыздын алдында айыптуу болуп отурган жок, ал Ахашверош падышабыздын бардык дубандарындагы төрөлөрдүн жана элдердин алдында да айыптуу болду.

17 Анткени ханышанын бул жоругу бардык аялдарга жетсе: «Ахашверош падыша Башти ханышаны өзүнүн алдына алып келүүнү буйруганда, ал келбей койгон» дешип, алар да өздөрүнүн күйөөлөрүн тоотпой калышат.

18 Эми, ханышанын бул жоругун уккан күнү эле Персия менен Мадай төрайымдары да өкүмдарыбыздын төрөлөрүнө аңыз кылып айта башташат. Ошондо эч ким бизди тоотпой, барк албай калат.

19 Андыктан, эгерде падышам ылайык тапса, «Мындан ары Башти ханыша Ахашверош падышабыздын кабыл алуусуна кирбесин, ал эми ханышанын ханайымдык даражасын андан артык болгон башка аялга берилсин» деп өкүмдарыбыз жазуу түрүндө буйрук чыгарсын, ал эч качан өзгөртүлбөгөн Персия менен Мадай мыйзамына жазылсын.

20 Учу-кыйыры жок падышалыкка тараган өкүмдарыбыздын бул өкүмүн уккан аялдар күйөөсүн, атактуу болобу, жөнөкөй болобу урматтай баштайт.

21 Бул сөз падыша менен төрөлөргө жакты. Падыша Мемухандын айтканындай кылды.

22 Ал кол астындагы бардык дубандарга кат жөнөттү. Кат ар бир дубандын өз арибинде, ар элдин тилинде жазылып, анда: «Ар бир эркек өз үйүндө кожоюн болсун. Бул буйрук бардык элдерге жарыялансын», деп жазылды.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Volg ons:



Advertensies