Бийлер 1 - Инжил ЛС (2005)Иуда уруусунун канаандыктар менен согушу 1 Жашыянын көзү өткөндөн кийин ысрайыл эли Жараткан Эгеден: – Канаандыктар менен согушканы бизден ким жол баштап барат? – деп сурашты. 2 Жараткан Эге аларга: – Иуда уруусу баштап барсын, Мен Канаан жерин аларга бердим, – деп жооп берди. 3 Иуда эли болсо бир тууган ысман элине кайрылып: – Жүргүлө, биздин энчибизге тийген жерге чогуу барып, канаандыктар менен согушалы. Кийин силерге тийген жерди басып алууга биз да силер менен чогуу барабыз, – деп айтты. Ошентип, ысман уруусу алар менен бирге жөнөдү. 4 Иуда уруусу согушка аттанып жөнөп кетти. Жараткан Эге канаандардыктар менен периздерди алардын колуна салып берип, Безек шаарында иудалар жоонун 10 000 кишисин өлтүрүштү. 5 Безекте алар падыша Адони-Безекке бет келишти. Аны менен салгылашып, канаандыктар менен периздерди талкалашты. 6 Адони-Безек качып жөнөдү. Бирок иудалар аны кууп жетип, колго түшүрүп, колу-бутунун баш бармактарын чаап салышты. 7 Ошондо Адони-Безек: – Колу-бутунун баш бармактарын мен чаап салдырган жетимиш падыша дасторконумдан түшкөн күкүмдөрдү терип жеп күн көрүшчү эле. Ошол падышаларга кылган жамандыгымды Кудай өзүмдүн башыма салды, – деп айтты. Иудалар аны Иерусалимге алып келишти. Ал ошол шаарда каза болду. 8 Анан иуда эли Иерусалимге да кол салып, шаарды басып алды. Алар шаардын элин кылыч мизине алып, калаанын өзүн болсо өрттөп жиберишти. 9 Андан кийин иудалар тоолуу жерлерде, түштүктөгү төмөнкү Негевде жана батыштагы тоо этектеринде жашаган канаандыктарга кол салуу үчүн жөнөдү. 10 Анан Хеврон шаарында жашаган канаандыктарга чабуул жасап, шешай, ахиман, талмай уруктарын талкалады. Хеврон шаары ошол убакта Кирият-Арба деп аталчу. 11 Андан ары иудалар ошол убакта Кирият-Сейпер деп аталган Дебир калаасынын элине жортуулга жөнөштү. Кирият-Сейперди басып алуу 12 Ошол күндөрү Калеп: – Кирият-Сейперди ким талкалап, басып алса, ага кызым Аксаны күйөөгө берем, – деп айтты. 13 Ал шаарды Калептин бир тууганы Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны күйөөгө берди. 14 Кыз төркүнүнө келгенде күйөөсүнөн: – Атамдан жер сурайлычы, – деп суранды. Калеп эшектен түшүп жаткан кызынан: – И кызым, бир нерсе сурайын деп жатасыңбы? – деп сурады. 15 Кызы атасына: – Мага батаңызды берсеңиз экен, – деди. – Сиз мага Негевден жер берген элеңиз. Эми ага булактарды да кошуп бериңизчи, – деди. Ошондо Калеп кызына жогорку булактарды да, төмөнкү булактарды да берди. Иуда уруусунун канаандыктар менен согушу (уландысы) 16 Мусанын кайнатасынын урпактары болгон кейнилер иудалар менен чогуу Курма шаарынан жер которуп, Арат шаарынын түштүгүндөгү Иуда чөлүнө барып, ошол жердеги жергиликтүү элге кошуна болуп, отурукташып калды. 17 Иуда эли боордош ысман эли менен чогуу жортуулга чыгып, Сепатта жашаган канаандыктарды талкалап, садага чаап салды. Ошондон улам бул шаарды эл Хорма деп атап калган. 18 Иудалар Газа, Ашкелон, Экрон шаарларын да тегерек-четиндеги жерлери менен кошо басып алды. 19 Жараткан Эге иуда элин колдоп, алар тоолуу жерлерди ээлеп алышты. Бирок өрөөндө жашаган элдерди басып ала алган жок, анткени алардын темир майдан арабалары бар эле. 20 Калепке болсо, Муса дайындап айтып кеткендей, Хеврон шаары берилди. Калеп ал калаадан Анактын үч уулунан тараган элди кубалап чыгарды. Энчисине толук ээ боло албаган уруулар 21 Бирок бенжамин уруусу Иерусалимде жашаган жебустарды кубалап чыгара алган жок. Жебустар Иерусалимде ушул күнгө чейин бенжамин элине кошуна жашайт. 22 Жусуптун урпактары да Бейтел шаарына жортуулга жөнөштү. Жараткан Эге аларды колдоду. 23 Алар оболу Бейтелди жакшылап изилдешти. Ал шаар мурда Луз деп аталчу. 24 Сакчылар шаардан чыгып келе жаткан бир кишини көрүп калышып, ага: – Шаарга кирчү жашыруун жолду бизге көрсөтүп берсең, сага ырайым кылабыз, – деп айтышты. 25 Ал киши шаарга кире турган жолду көрсөтүп берди. Жусуптун урпактары шаар элин кылыч мизине алып кырып салды. Тиги кишини болсо бүт тууган-уруктары менен коё беришти. 26 Ал киши хеттердин жерине көчүп барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал шаар ушул күнгө чейин ошондой аталат. 27 Бирок менаше уруусу Бейт-Шаан, Таанах, Дор, Иблейем, Мегиддо шаарларында жана алардын карамагындагы айыл-кыштактарда жашаган элдердин жерлерин тартып алган жок. Канаандыктар ошол жерлерде жашап кала беребиз деп, бел байлашты. 28 Ысрайылдар күч алган убактарда канаандыктарды өзүнө букара кылып коюшту, бирок аларды кубалап чыга алышкан жок. 29 Эпрайым эли да Гезер калаасында жашаган канаандыктарды кубалап чыга алган жок. Канаандыктар Гезерде алардын жанында жашап кала беришти. 30 Ошол сыяктуу забулун уруусу да Китрон менен Налол шаарларында жашаган канаан элин сүрүп чыгара алган жок. Ошондуктан алар забулун элине жанаша жашап, забулундарга букара болуп калышты. 31 Ашыр уруусу да Ако, Сидон, Аклап, Акзип, Хелба, Апик, Рехоп шаарларынын тургундарын жеринен сүрүп чыгара алган жок. 32 Ошондуктан ашыр уруусу ушул жерлерде жашаган канаандыктарга кошуна жашап калды. 33 Напталы уруусу да Бейт-Шемеш, Бейт-Анат калааларынын элдерин кубалап чыга албай, өзү ушул жерде жашаган канаандыктарга жанаша жашап калды. Бирок Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундарын өзүнө букара кылып алды. 34 Амор эли болсо дан уруусун тоого сүрүп салып, өрөөнгө түшүрбөй койду. 35 Аморлор Херес тоосунда, Аялон, Шаалбим шаарларында жашап кала беришти, бирок Жусуптун урпактары күч алган убактарда аларды багынтып, өздөрүнө букара кылып коюшту. 36 Амор элинин чек арасы Акрабимден башталып, Села шаарына чейин жетип, андан ары жогорулап кетет. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018